Akchabarsearch
Депутат Баткенге учак билетинин баасын арзандатууну өтүндү

Жарыяланган

2026-21-09, 18:45

Депутат Баткенге учак билетинин баасын арзандатууну өтүндү

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Исманали Жороев өкмөттөн Баткенге каттаган учактын билет баасын арзандатууну өтүндү.

Депутат азыр Баткенге учкан учактын билет баасы өтө кымбат болуп жатканын белгиледи. Ал Баткен борбордон эң алыскы облус экенин айтып, унаа менен барса, бир күн кетерин, ошондуктан элге шарт түзүш үчүн билет баасын арзандатууну өтүндү. 

Исманали Жороев билеттер 5 миңден 6 миң сомго чейин болуп жатканын айтып, өкмөт өкүлүнөн бааны түшүрсө болобу деп сурады. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев азыр дүйнөдө авиакеросин аябай кымбаттагандыктан, учак билетинин баасы да кымбат болуп жатканын билдирди. 

Анын айтымында, “Асман Эйрлайнс” бааларды кармап  турушу үчүн азыр мамлекет компанияга субсидия берип жатат. Ошондуктан билет баалары ошол бойдон калат. 


Тектеш материалды окуу