Akchabarsearch
    Монополияга каршы кызмат билет баалары боюнча авиакомпаниялар менен жолугушту

    Жарыяланган

    2025-31-07, 09:27

    Монополияга каршы кызмат билет баалары боюнча авиакомпаниялар менен жолугушту

    Ички аба каттамдардын билет бааларынын кымбаттаганы боюнча жарандардын кайрылууларына байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү аваикомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Ага "Кыргызстан Аэропорттору" компаниясынын, "АвиаТраффик Компани", Tez Jet, "Аэро Номад Эйрлайнс", "Асман Эйрлайнс" жана Sky Fru авиакомпанияларынын өкүлдөрү катышты.

    Маалыма болгондой, көп арыздануулар Бишкек – Ош багытындагы билет баалары боюнча түшөт. Авиакомпаниялардын айтымында, бул багыттагы билеттин баасы 3800 сомдон башталып 5900 сомго чейин жетет. Бул автоматтык динамикалык баа түзүү системасы менен байланыштуу: баа калган орундардын санына, каттамга болгон суроо-талапка жана учууга чейин калган убакытка жараша өзгөрөт.

    Мисалы, алгачкы 33% орун 3800 сомдон сатылат, кийинки 30%ы 4800-5000 сомдон, ал эми калган билеттердин баасы 5900 сомго чейин барат. Мындан тышкары, Tez Jet авиакомпаниясы кошумча кызматтары бар жакшыртылган орундарды 6900 сомдон сатат. Бирок алар учактагы орундардын 3-4%ын гана түзүп, негизги баага таасир этпейт.

    Алып-сатарлыкты алдын алуу максатында, авиакомпаниялар билеттерди дүң сатып алууга жана узак мөөнөткө брондоого уруксат бербейт. Эгерде билеттин акчасы 15 мүнөт ичинде төлөнбөсө, ал кайра сатыкка чыгарылат.

    Ошондой эле агенттер тарабынан билеттердин кымбат баада сатылышы боюнча маселе көтөрүлгөн. Айрым сайттар, мисалы ticket.kg, Кыргызстанда катталбаганы менен жергиликтүү доменди колдонуп, билеттерди 7000 сомдон же андан кымбат сатат.

    Монополияга каршы кызмат жарандарга билеттерди авиакомпаниялардын расмий сайттарынан гана сатып алууну сунуштайт:

    – www.skyfru.kg
    – www.aero.kg
    – www.flytezjet.com
    – www.asmanairlines.kg
    – www.aeronomad.kg 

    Монополияга каршы орган ички аба каттамдардын бааларына көзөмөл жүргүзүп турарын белгилеп, алып-сатарлык учурлары болсо, аларга, Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттигине кайрылууга чакырат. 


    Тектеш материалды окуу