Жарыяланган
2025-18-07, 09:00Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директорунун орун басары Асель Мамбеткулова менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, жумушсуз жарандардын өз алдынча иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жана аярлуу катмардагы жарандарды колдоо маселелери боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун алкагында эки тарап тең учурдагы ишмердүүлүк жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча презентация көрсөтүштү.
Натыйжада кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу тууралуу макулдашышты.