Жарыяланган
2025-16-07, 10:09Кыргызстанда жарандардын жашоо деңгээли жогорулап, өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан реформаларга болгон ишенимдин өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк тарабынан даярдалган «Кыргыз Республикасын угуу» аттуу жаңы отчетто айтылат. Бул изилдөөлөр 2021-жылдын декабрынан 2025-жылдын июнуна чейин жүргүзүлгөн.
Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, жарандардын 90% ы өлкө саясий, экономикалык жана социалдык жактан туура багытта баратат деп эсептешет. Салыштыруу үчүн айтсак, 2022-жылдын башында бул көрсөткүч болжол менен 70% ды түзгөн. Адистер бул ишенимдин эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгилешүүдө.
Мындан тышкары, сурамжылоого катышкандардын 76% ы азыр жаңы жумуш издөө же өз ишин баштоо үчүн эң ылайыктуу убакыт деп эсептешет. Ал эми өзүн жакырмын деген жарандардын саны 24% дан 14% га чейин азайган. Ошол эле учурда жашоо шартын орто катмарга кошкондордун саны көбөйүүдө.
Көпчүлүк респонденттер мамлекеттин аракеттерине оң баа беришкен. Мисалы, жарандардын 87% ы аялуу катмарларга берилген мамлекеттик колдоонун жакшырганын белгилешкен (2022-жылдын башында бул көрсөткүч 60% тегерегинде болчу). Айыл жергесиндеги 83% жана шаар тургундарынын 76% бийликтин эл менен ачык диалог жүргүзүүгө даяр экенин белгилешет.
Бийликке болгон ишенимдин өсүшүнө коррупцияга каршы күрөш да салым кошууда. Эгерде 2022-жылы бул аракеттерге жарандардын 70% дан аз бөлүгү ишенсе, 2025-жылдын ортосуна карата ишеним деңгээли айылда 93% га, шаарда 89% га жеткен. Мындай көрсөткүчтөр өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырып жатканы гана эмес, мамлекеттик институттарга жана социалдык саясатка болгон ишенимдин туруктуу өсүп жатканынан кабар берет.