
Жарыяланган
2026-28-07, 13:43Кыргызстанда биринчи жолу Optima Visa карталарынын ээлери үчүн контактысыз төлөмдүн жөнөкөй, коопсуз жана купуя ыкмасы болгон Apple Pay жеткиликтүү болду.
Кыргызстанда Apple Pay кызматынын ишке кириши заманбап төлөм технологияларын өнүктүрүүнүн алкагында КР Улуттук банкынын колдоосу менен ишке ашырылды.
Дүкөндөрдө, онлайн режиминде жана сүйүктүү тиркемелерде сатып алууларды iPhone, Apple Watch, Mac, iPad жана Apple Vision Pro аркылуу банк картасын жаныңызда алып жүрбөстөн эле төлөңүз. Төлөө үчүн Apple Pay’ди тандап, аракетти Face ID, Touch ID же сырсөз аркылуу ырастоо жетиштүү.
Apple Pay коопсуздуктун камтылган Apple технологияларын колдонот: картанын номери түзмөктө сакталбайт жана төлөм учурунда сатуучуга берилбейт, бул сиздин маалыматтарыңыздын кошумча корголушун камсыздайт.
Apple Pay’ди кантип кошуу керек?
1. Optima24’тү ачып, керектүү картаны тандаңыз.
2. «Apple Wallet’ке кошуу» баскычын басыңыз.
3. Экрандагы нускамаларды аткарып, аракетти ырастаңыз — даяр!
Же болбосо Apple Wallet’ти ачып, жогорку бурчтагы «+» белгисин басып, картаны сканерлеңиз.
Эми Optima Visa карталары менен сатып алууларды Apple Pay жеткиликтүү болгон бардык жерде төлөсө болот. Күн сайын жөнөкөй, тез жана коопсуз төлөмдөрдөн ырахат алыңыз.



