Akchabarsearch
Кыргызстандан чет жакка 150 млн сомго кумшекер экспорттолду

Жарыяланган

2026-28-07, 13:24

Кыргызстандан чет жакка 150 млн сомго кумшекер экспорттолду

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жакка дээрлик 150 млн сомго кумшекер экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Чет жакка жалпы 2.3 миң тоннадан ашык кумшекер экспорттолгон.

Кыргызстан кумшекерди Өзбекстан (1232 тонна) менен Тажикстанга (1070 тонна) саткан. 

2025-жылдын январь-апрель айларында чет жакка 3.7 миң тоннадай кумшекер экспорттолгон. 


Тектеш материалды окуу