Akchabarsearch
MBANK Кыргызстанда алгачкылардан болуп Apple Pay кызматын ишке киргизди

Жарыяланган

2026-28-07, 13:36

MBANK Кыргызстанда алгачкылардан болуп Apple Pay кызматын ишке киргизди

Кыргызстандын биринчи санарип банкы MBANK кардарлары үчүн Apple Pay кызматын ишке киргизди. Эми MBANK'тын Visa жана Mastercard карталары менен Apple түзмөктөрү аркылуу физикалык картасыз жана накталай акчасыз төлөм жүргүзүүгө болот.

MBANK’тын маалыматына ылайык, Apple Pay аркылуу жүргүзүлгөн ар бир төлөм Apple түзмөктөрүнө орнотулган коопсуздук технологиялары менен корголот.

Бул кандай иштейт?

Apple түзмөгүңүздү POS-терминалга жакындатып, төлөмдү Face ID же Touch ID аркылуу ырастаңыз — операция ошол замат аткарылат.

MBANK картасын Apple Pay'ге кошкондо картаңыздын чыныгы номуру түзмөктө да, Apple серверлеринде да сакталбайт.

Apple Pay азык-түлүк дүкөндөрүндө, дарыканаларда, ресторандарда, кофеканаларда, соода түйүндөрүндө жана башка көптөгөн жайларда кабыл алынат. Кызмат iPhone, Apple Watch, Mac, iPad жана Apple Vision Pro түзмөктөрүндө, ошондой эле Safari браузери аркылуу колдонмолордо жана интернет-сайттарда төлөм жүргүзүү үчүн жеткиликтүү.

Кардарлар Apple Pay аркылуу тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүү кызматтарынын акысын төлөп, интернеттен сатып алууларды жасап, коомдук транспортто жана башка кызматтар үчүн төлөм жүргүзө алышат.

Кантип туташтырса болот?

MBANK картасын Apple Pay'ге эки жол менен кошууга болот.

1-ыкма — MBANK колдонмосу аркылуу:

  • MBANK колдонмосун ачыңыз;
  • «Менин банкым» бөлүмүнө кириңиз;
  • керектүү картаны тандап, «Apple Wallet'ке кошуу» баскычын басыңыз;
  • маалыматтарды текшерип, «Кийинки» баскычын басыңыз;
  • шарттар менен таанышып, картаны кошууну ырастаңыз.

2-ыкма — Wallet колдонмосу аркылуу:

  • iPhone'уңуздагы Wallet колдонмосун ачыңыз;
  • «+» баскычын басып, MBANK картасын кошуу боюнча нускамаларды аткарыңыз.

Apple Pay'ди бүгүн эле MBANK колдонмосуна туташтырыңыз жана картасыз, накталай акчасыз — тез, ыңгайлуу жана коопсуз төлөм жүргүзүңүз.

MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда түзүлгөн!

КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.


Тектеш материалды окуу