Akchabarsearch
Бишкекте автобустардын жолуна чыккан айдоочуларга 94 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-16-11, 18:00

Бишкекте автобустардын жолуна чыккан айдоочуларга 94 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында автобустар үчүн бөлүнгөн тилкеге унаасы менен чыгып алган айдоочуларга айып салынууда. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, 10-12-ноябрда шаарда текшерүү жүргүзүлүп, автобустардын жолуна чыгып алган 94 айдоочу аныкталган. 

Алардын ар бирине Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1000 сомдон айып салынган.

Атайын тилкелер автобустар жолдо көпкө турбай, жүргүнчүлөрдө бат ташышы үчүн чийилген. Мындан улам мэрия айдоочулардан автобустарга тоскоол болбой, алардын жолуна чыкпоого чакырат.  

Мындай текшерүүлөр мындан ары да жүргүзүлүп турат.   


Тектеш материалды окуу