
Жарыяланган
2026-16-11, 19:00Компаньон Банкы «Копилка» топтоо эсеби боюнча пайыздык ченди сом менен жылдык 5%дан 8%га чейин жогорулатты. 2027-жылдын 31-январына чейин кардарлар белгилүү бир мөөнөткө байланбастан, өз каражаттарынан кошумча киреше ала алышат жана акчасын каалаган убакта пайдалана алышат.
«Копилка» топтоо эсеби белгилүү бир мөөнөткө акча жайгаштырууну каалабаган, бирок бош турган каражаттарынан киреше алууну көздөгөн кардарлар үчүн мөөнөттүү депозитке альтернатива боло алат. Кадимки мөөнөттүү депозиттен айырмаланып, бул эсепте акчаны пайдалануу үчүн келишимдин мөөнөтү аякташын күтүүнүн кажети жок. Каражаттар күнү-түнү жеткиликтүү болуп, зарыл учурда аларды «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу пайыздык кирешеден ажырабастан чыгарып алууга болот.
Кардарлар эсепти каалаган суммага өз алдынча толуктап, каражаттарын «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу башкара алышат. Ошондой эле топтоонун максаттуу суммасын белгилеп же сатып алууларды автоматтык тегеректөө функциясын кошсо болот. Бул функциянын жардамы менен ар бир сатып алуудан кийин тегеректөөдөн калган айырма автоматтык түрдө «Копилка» эсебине которулуп турат.
Жылдык 8% өлчөмүндөгү акциялык пайыздык чен 2027-жылдын 31-январына чейин колдонулат. Сунуштун шарттары тууралуу толук маалыматты Компаньон Банкынан алууга болот.



