
Жарыяланган
2026-17-04, 11:32Ош облусунун Араван районунда капуста бышып, экспортко чыгууда. Бул тууралуу Айыл чамба министрлиги билдирди.
Министрлик белгилгендей, башка аймактарга салыштырмалуу Араванда жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышты.
“Ал эми жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста бышып, ички базарга чыгуусу күтүлүүдө. Андан сырткары жаңы бышкан сарымсак дагы жакынкы күндөрү сатыла баштайт”, - деп айтылат маалыматта.
Министрлик алардын адистери дыйкандарга түшүмүн экспортко чыгаруу үчүн документтерин даярдоого көмөктөшөрүн билдирди.
Араван райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Галдарбек Мадалиевдин айтымында, райондо алгач капуста бышып экспортко кетсе, андан кийин бадыраң, помидор, картошка, кулпунай, кокон гилас бышып сыртка сатыкка кетет.
Эскерте кетсек, өлкөдө бышкан капуста негизинен Казакстан менен Россияга экспорттолот.



