
Жарыяланган
2026-17-04, 10:20Быйыл Бишкекте 120 чакырым жол оңдоо жана салуу пландалууда. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган жолдун 20 чакырым жаңыдан салынат. Учурда 8 көчөдө курулуш иштери башталды.
Ал көчөлөрдө ашыкча тыгын болбошу үчүн жолдор тилке-тилке болуп бөлүнүп жасала турганын айтып өттү.
Калаа башчысы 2023-жылга чейин Бишкекте жылына эң көп дегенде 27 чакырым жол жасалып келгенин айтты. 2024-жылы 62 чакырым жол, 2025-жылы 92 чакырым жасалган.



