
Жарыяланган
2026-17-04, 12:29Бишкекте суунун тарифин көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек борбор калаа болгону менен коммуналдык кызматтын баасы өлкө боюнча эң арзан экенин белгилеген. Анын сыңары таштандыны чыгаруу акысы да Бишкекте эң арзан: 41 сом. Бишкекке жакын шаарларда тариф 50-60 сом турат.
Жунушалиев азыр мэрия тарифтерди кымбаттатуу тууралуу ойлору жок экенин, бир гана суунун баасын көтөрүүнү караштырып жатканын айтты.
“Себеби бир кубга 10 сом 45 тыйын алынат. Ошондо бир литр болгону 1 тыйын болуп калып жатат”, - деди ал.



