
Жарыяланган
2026-23-02, 09:21Бүгүн, 23-февраль саат 9:00 республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөөлөр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, учурда каттам бар.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында майда күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жолдо каттам бар.



