Akchabarsearch
Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алына элек

Жарыяланган

2026-11-02, 17:45

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алына элек

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-февраль саат 17:00го карата ашууларда бороон болууда. Жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. 

Буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Каттам бар. 

Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Тектеш материалды окуу