
Жарыяланган
2026-22-06, 16:34Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев “Азаттыкка” курган маегинде улуттук сом кандай шарт менен пайдаланууга берилгенин айтып берди.
Акаевдин айтымында, алар сомду киргизебиз деп акчаны Лондондон бастырып, өлкөгө алып келип, парламентке барганда депутаттар бул демилгени колдобой, каршы чыгышкан. Алар валюта рубль бойдон калышы керектигин айтышкан. Бирок ал учурда рублдун куну барган сайын түшүп бараткан.
Ошондо Акаев сомду киргизели, үч ай убакыт бергиле, эгер экономикага терс таасирин тийгизсе, президенттик кызматтан кете турганын айткан. Бул сунуштан кийин депутаттар акылдашып, анын айтканын колдошкон.
Акаев билдиргендей, анын бактысына сом туруктуу сакталып, ошол учурда да, азыр да туруктуу бойдон калууда.


