
Жарыяланган
2026-22-06, 16:49Уларбек Исмаилов Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу чечимге Садыр Жапаров кол койгон.
Уларбек Исмаилов буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.
Эскерте кетсек, быйыл эле 21-февралда Манас шаарынын мэри болуп дайындалган Абдупата Маткаликов 18-июнда кызматтан алынган. Ал башка ишке өткөндүктөн кызматтан бошотулганы кабарланган.


