Akchabarsearch
Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму өтөт

Жарыяланган

2026-22-06, 18:09

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму өтөт

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.  Бул туралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, эртең 23-июнда Адылбек Касымалиев менен Абдулла Ариповдун жетекчилиги астында кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тар жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот.

Жыйындын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.


Тектеш материалды окуу