
Жарыяланган
2026-24-06, 16:01Asman Airlines компаниясынын учактары 26-июндан тарта Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча кайрдана уча баштайт. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Учактар жумасына үч жолу – биринчи, үчүнчү жана жума күндөрү каттам аткарат.
Ош шаарынан Тамчыга бир сааттай убакта жетүүгө болот.
Билет баасы бир тарапка 6.5 миң сомду түзөт.



