Akchabarsearch
Президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөн күн дем алыш күн болот

Жарыяланган

2026-24-06, 15:10

Президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөн күн дем алыш күн болот

Кыргызстанда президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу үчүнчү күндөрү өткөрүлө баштайт, шайлоо өткөн күндөр дем алыш күн болуп калат. Тиешелүү мыйзам 24-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. 

Бул мыйзам Кыргызстанда жарандар шайлоого аз барып калгандыктан, аларды шайлоого катыштыруу үчүн иштелип чыккан. 

Мыйзамды жазгандар шайлоо жекшемби эмес үчүнчү күндөрү болсо, шайлоого келгендер көбөйөт деп ишенет. Себеби базар күн дем алыш болгондуктан, жарандар ал күнү шайлоого барууну эмес, эс алууну каалайт. 

Президенттик же парламенттик шайлоо өткөн күн Кыргызстанда эс алуу күнү (жумушчу эмес) болот. Шайлоого катышкандар үчүн ал күнү иштебегенине карабай ошол күндүн айлыгы төлөнүп берилиши керек болот. Шайлоого барбагандарга ал күндүн айлыгы төлөнбөйт. Андан тышкары өкмөткө шайлоого катышкандарга кандайдыр бир жеңилдик же сыйлык берүү сунушталган. 

Кокус иш берүүчү кызматкерди шайлоо күнү иштете турган болсо, ошол күндүн маянасын эки эселеп төлөп, эс алганга башка бир күндү бериши керек болот. 


Тектеш материалды окуу