
Жарыяланган
2026-24-06, 14:05Эми “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу шаарлар ортосунда каттаган автобустарга электрондук билет сатып алууга болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Билет сатып алуу үчүн тиркемени ачып, «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, билет сатып алуу кызматын тандоо керек. Жаран сапардын күнүн, унаадагы өзүнө жаккан орунду тандай алат.
Акчаны төлөгөндөн кийин электрондук билет тиркемеде сакталат, аны автобуска отуруп жатканда көрсөтүүгө болот.



