
Жарыяланган
2024-12-12, 11:50“Атбашы” соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи этаптын алкагында бир катар объектилер, анын ичинде Нарын эркин экономикалык аймагы жана Мамлекеттик бажы кызматынын имараты курулду.
Соода-логистикалык борбор курулуп бүтсө, Кыргызстан, Кытай, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдеп, экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.



