Жарыяланган
2025-24-03, 17:3518-19-апрель күндөрү Бишкек шаарында "Textile&Logistics Fair - 2025" аталышындагы иш-чара өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкенин алкагында катышуучулар жаңы кардарларды табуу, байерлер менен таанышуу, пайдалуу келишимдерди түзүү, маркетплейстерге чыгуу, аралыктан сатуу мүмкүнчүлүктөрүн алышат жана алар үчүн товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн көргөзмөсү, мастер-класс ж.б. уюштурулат.
Жарманке Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.