Akchabarsearch
Сокулукта соода-логистикалык борбор курулат

Жарыяланган

2026-27-03, 15:36

Сокулукта соода-логистикалык борбор курулат

27-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Рустам Балтабаев Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен биргеликте ишке ашырылып жаткан соода-логистикалык борбор куруу долбоорунун даярдык иштери талкууланды. Учурда долбоор боюнча активдүү иштер жүрүп жатканы белгиленди.

Маалыматка ылайык, борбор Сокулук районунда жайгашып, анын жалпы баасы болжол менен 6 млн доллар түзөт. 

Долбоор айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана сатуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатууга багытталган.

Тараптар долбоорду мындан ары да биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.


Тектеш материалды окуу