Akchabarsearch
Август айында чет жактагы жарандар өлкөгө 342.5 млн доллар которду

Жарыяланган

2025-31-10, 16:24

Август айында чет жактагы жарандар өлкөгө 342.5 млн доллар которду

Быйыл август айында чет жактагы мигранттар өлкөгө 342.5 млн доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Аталган акча 2022-жылдын июнь айынан бери мигранттар өлкөгө бир айда эң көп которгон сумма болду. 

Июлда Кыргызстанга 317.7 млн доллар которулса, жыл башынан бери сегиз айда орточо 290.3 млн доллардан акча которулган.

Август айында өлкөгө которулган акчанын көбү КМШ өлкөлөрүнөн келген:

  • Россия — $318.7 млн;
  • Казакстан — $3.8 млн;
  • Башка КМШ өлкөлөр — $2.9 млн.

Ошондой эле башка өлкөлөрдөн 17.1 млн доллар келген:

  • АКШ — $11.2 млн;
  • Түркия — $1.5 млн;
  • Түштүк Корея — $100 миң;
  • Башка өлкөлөр — $4.3 млн.

Тектеш материалды окуу