Akchabarsearch
Шопоков шаарындагы компанияга 800 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2025-31-10, 17:26

Шопоков шаарындагы компанияга 800 миң сом айып салынды

Чүйдүн Шопоков шаарындагы "Лахор Стил Милс" компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, компания тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок туруп кампа салып, куйма цехин реконструкция кылганы аныкталган. Ага байланыштуу компанияга 400 миң сом айып салынган. Айып пул убагында төлөнбөгөндүктөн, кошумча 400 миң сом туум чыккан. Эми ал 800 мин сомду өндүрүү үчүн министрлик Сокулук райондук сот аткаруучуларга кайрылган. 

Ошондой эле министрлик сотко кампаны бузуу, уруксат документтерин алганга чейин цехтин ишин токтотуу өтүнүчү менен кайрылган.


Тектеш материалды окуу