
Жарыяланган
2025-31-10, 18:11Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренынан курулушу ноябрда аяктайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мэр Айбек Жунушалиев кичи аренаны көрүп чыгарып, курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө – ноябрда бүткөрүүнү тапшырган.
Ошондой эле ал имараттын тегерек-четин көрктөндүрүү иштерин тездетүү боюнча тапшырма берген.
Аны менен бирге унаа, велосипед жана электр чыгырыктар үчүн токтотмо жайды караштырууну тапшырган.



