
Жарыяланган
2026-11-09, 17:14Август айында Кыргызстанда 2 миң 119 киши пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Ошондой эле август айында 836 пенсионердин пенсиясы эмгек стаж, эмгек акы, окуусу жана майыптыгы боюнча тапшырган кошумча документтердин негизинде кайра эсептелип берилген.
Белгилей кетсек, азыр Кыргызстанда жаш курагы боюнча пенсияга жаңы чыккан жарандар кеминде 7.1 миң пенсия алышат. 1-октябрдан кийин эң аз пенсия 8.8 миң сом болот.
Быйыл жаш курак боюнча пенсияга чыгуу үчүн 6 жылдык стаж керек. Келерки жылдан тарта пенсияга чыгуу үчүн 7 жыл керек болот.



