
Жарыяланган
2026-11-09, 15:50ГЭС, жолдор, заводдор мурдатан салынып келгенде, азыр имамдар 1000 доллардан, мугалимдер, дарыгерлер 2000 долларга чейин айлык алып жатмак. Бул тууралуу Талас шаарындагы борбордук мечиттин ачылышында президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан 30 уктап жаткан экен. Эгерде ушул жылдар аралыгында ГЭСтер, жолдор, мектептер жана башка объектилер салынганда, азыр 15 миң сом айлык алып жаткан мечит имамы 1000 доллар, мугалимдер, дарыгерлер болсо, 2000 долларга чейин айлык алып жатышмак.
Азыр болсо, ал айлыкка бериле турган акча жолдорд, мектеп-бала бакчаларды, ГЭСтерди, фабрика-заводдорду курганга кетип жатат.



