Akchabarsearch
Таласта Улуттук университеттин көп тармактуу институтунун окуу корпусу ачылды

Жарыяланган

2026-11-09, 12:33

Таласта Улуттук университеттин көп тармактуу институтунун окуу корпусу ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген.

Жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста студенттер жана окутуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Бул окуу жай 1994-жылы Талас педагогикалык окуу жайынын базасында түзүлгөн. Ал эми аталган окуу жайдын тарыхы дээрлик бир кылым мурда — 1930-жылдары башталып, билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашкан жолду басып өттү. Ушул мезгил аралыгында окуу жай миңдеген адистерди даярдаган. Алардын арасында билим берүү системасын, мамлекеттик башкарууну, экономиканы, маданиятты жана башка тармактарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон көптөгөн көрүнүктүү инсандар бар.

Мамлекет башчысы атайын кабинеттерди жана окуу жайларды, анын ичинде Чыңгыз Айтматов атындагы кабинетти, Туризмди өнүктүрүү борборун, топурактын жана суунун сапатын аныктоочу лабораторияны кыдырып чыккан. Андан соң окутуучулар менен баарлашып, аларды студенттерге сапаттуу билим берүүгө жана татыктуу адистерди тарбиялоого чакырган.


Тектеш материалды окуу