Akchabarsearch
Малдын экспортуна тыюу салуу дагы алты айга узартылды

Жарыяланган

2026-11-09, 11:35

Малдын экспортуна тыюу салуу дагы алты айга узартылды

Кыргызстанда мал-жандыкты экспорттоого киргизилген тыюу салуу дагы алты айга узартылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, 13-сентябрдан кийин жылкы, бодо мал жана коч-эчкини чет жакка экспорттоого тыюу салынат. 

Ошол эле учурда Кыргызстан аркылуу мал-жандык ташып өтүүгө, мелдешке катыша турган спорт жылкыларын сыртка чыгарууга, жылкы жаныбарын бир өлкөгө, адамга же эл аралык уюмга белекке берүүгө, жылкыны учак менен ташып чыгууга, эшектерди жана асыл тукум койлорду экспорттоого тыюу салынбайт. 

Аны менен катар Айыл чарба министрлигинин “Кыргыз Агрохолдинг” компаниясына өлкө аймагында өстүрүлбөгөн мал-жандыкты экспортко чыгаруга уруксат берилет.

Белгилей кетсек, өлкөдө эттин баасы кымбаттабашы үчүн өкмөт буга чейин алты айга малдын экспортуна тыюу салган. 


Тектеш материалды окуу