
Жарыяланган
2026-11-09, 10:55Бишкек шаары менен Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан Аэропорттору компаниясы билдирди.
Компаниянын коммерциялык директору Аман Мамаев Кытайдын Хайкоу шаарында Хайнань провинциясынын ККП комитетинин катчысы Фэнь Фэй баштаган делегация менен жолугуп, аба каттамын ачуу маселесин талкуулаган.
Сүйлөшүүлөргө ылайык, келе жаткан кыш мезгилинде (2026/2027-жыл) Санья - Бишкек - Санья багыты боюнча учактар каттап иштейт деп пландалууда.
Санья – Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан курорттук шаар жана Кытайдагы эң белгилүү туристтик багыттардын бири. Шаар тропикалык климаты, деңиз жээгиндеги курорттору жана пляждык эс алуусу менен белгилүү болуп, жыл сайын көптөгөн туристтерди өзүнө тартат.
Эскерте кетсек, буга чейин Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз режим киргизген.



