
Жарыяланган
2026-11-09, 13:57Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусундагы кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексиндеги оңдоп-түзөөдөн өткөн жана жаңы объектилеринин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарада Жапаров “Манас Ордо” комплексинин бүгүнкүдөй ажайып кооз абалга келтирилиши биздин аталарга болгон ыраазычылыгыбыздын бир гана тамчысы экенин айтты.
"Кылым карыткан улуу элдин урпактары катары кыргызстандыктар, мамлекетибиз бүгүн да Манасынан эч нерсе аянбайт. “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо менен анын тарыхый-маданий маанисин тереңдетип, көөнө тарых менен жаңы технологияларды айкалыштырган заманбап музей-комплекске айландырууну стратегиялык багыт катары карап, комплексти реконструкциялоого бюджеттен 1,4 млрд сом каражат жумшадык. Өзөгүбүздү таап, өтмүшүбүздү аздектеп багуу жана аны келечек муундарга өнүктүрүп жеткирүү – мамлекеттик саясатыбыздын эң башкы артыкчылыктарынын бири!", - деди ал.
Анын айтымында, Бул масштабдуу долбоор – маданий мурасыбызды сактоого жана келечек муундун руханий жактан баюусуна багытталган эң чоң инвестиция болуп калмакчы.
"Маданий комплексте тарыхый багыттагы илимий изилдөөлөр, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан ири Жыйын залы, көп функционалдуу административдик корпус, алыс-жакындан келгендерге бардык шарттары менен зыяратчылар үйү, түлөөкана жана башкалар салынып, 700 чарчы метр орунду ээлеген музей, кошумча имараттар курулган соң 1090 чарчы метрге кеңейтилди. Бул жерде байыркы тарыхыбызга санарип мүмкүнчүлүктөр аркылуу атайын экскурсиялар уюштурулуп, эми ар бир мейманга тарыхый маалыматтарды заманбап форматта жеткирилет.
Биз байыркы мурасыбызды аздектеп сактап гана калбастан, аны кийинки муунга XXI кылымдын тили менен өткөрүп берүүгө кадам таштадык. “Манас Ордого” келген ар бир кыргыз жараны, өзгөчө жаш муун бабалардын басып өткөн даңазалуу жолун туюп, өз тарых-таржымалы менен сыймыктанат, Ата Мекенге болгон сүйүүсү жана жоопкерчилик сезими артат деп ишенем. Бул комплекс – жаштарыбызды мекенчилдикке, билимге жана инновациялык өнүгүүгө багыттай турган улуттук руханий мектепке айланат деген үмүтүбүз зор", - дейт Жапаров.



