
Жарыяланган
2026-11-09, 18:03Кыргызстанга келерки жылы 20 млн турист келери күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарында Ж. Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, быйыл өлкөгө баш-аягы 13 млн турист келет деп болжолдонууда. Жакында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин келерки жылы 20 миллионго жакын турист келет деп күтүлүүдө.
"Туристтерди батыра албай калабыз. Азыр эле батыра албай калып жатабыз", - деди ал.
Ал окуу жайдын жетекчилигине туристтерди тосуп иштей турган адистерди даярдоо керектигин белгиледи.



