Akchabarsearch
Автоунаасына кошумча жабдык орнотуп, чек арадан бензин ташыган айдоочу аныкталды

Жарыяланган

2026-25-03, 12:37

Автоунаасына кошумча жабдык орнотуп, чек арадан бензин ташыган айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкө аймагында “Кошумча жабдык” аталышындагы рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү пунктунда кызматкерлер Казакстандан келген “JAC” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, анда мыйзамсыз орнотулган кошумча жабдыктар аркылуу бензин ташылып келгени аныкталды.

Автоунаа айып короо жайына токтотулуп, тиешелүү материалдар чара көрүү үчүн Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилди.


Тектеш материалды окуу