Akchabarsearch
Бишкекте «жашыл такси» долбоору ишке киргени турат

Жарыяланган

2026-23-02, 17:29

Бишкекте «жашыл такси» долбоору ишке киргени турат

Быйылкы жылдын 1-январына карата республика боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 961ди түздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылдагы 1 млн 697 миң 100 унаага салыштырмалуу 13 пайызга өскөнүн көрсөтөт. 

Катталган унаалардын түзүмү төмөнкүдөй:

  • 972 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51%)
  • 57 310 – газ менен жүргөн унаалар (3%)
  • 339 938 – дизель унаалары (18%)
  • 56997 – газ/бензин аралаш (3%)
  • 37 295 – гибрид унаалар (2%)
  • Калганы – башка түрлөрү

2025-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 15 278 электромобиль катталды. Бул жалпы унаалардын 0,8 пайызын түзөт.

 Акыркы жылдардагы өсүү динамикасы туруктуу экенин белгилей кетүү зарыл:

  • 2022-жылы – 1 113 электромобиль
  • 2023-жылы – 2 310 электромобиль
  • 2024-жылы – 3 122 электромобиль
  • 2025-жылы – 9 870 электромобиль

Бүгүнкү күндө Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында «жашыл такси» долбоорун ишке киргизүү пландаштырылууда. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү тараптардын катышуусунда талкууланып жатат.


Тектеш материалды окуу