Akchabarsearch
“Унаа” продуктусу аркылуу 87 киши баштапкы төлөмсүз автоунаа сатып алды

Жарыяланган

2025-19-12, 16:51

“Унаа” продуктусу аркылуу 87 киши баштапкы төлөмсүз автоунаа сатып алды

Кепилдик фонду акыркы айда “Унаа” продуктусу боюнча 29 кепилдик берди. Бул аркылуу жарандар Tulpar Motors чыгарган Chevrolet автоунааларын автокредитке сатып алышты. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

“Унаа” продуктусу ишке киргенден бери 87 кыргызстандык автоунаанын ээси болду. 17-декабрга карата берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 35.5 млн сомду түзүп, анын аркасында жарандар 156.4 млн сомдон ашык автокредит ала алышкан.

Бул продукт быйыл мартта “Автокредит – 2ни жеңилдетилген каржылоо” программасынын алкагында ишке ашырылды. 

Кепилдик “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” аркылуу алынган автокредиттерде Chevrolet автоунаасынын каалаган моделин сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
 


Тектеш материалды окуу