Akchabarsearch
Баатыр энелердин балдарына  жогорку окуу жайларда кошумча гранттык орундар бөлүнүшү мүмкүн

Жарыяланган

2026-13-04, 16:33

Баатыр энелердин балдарына жогорку окуу жайларда кошумча гранттык орундар бөлүнүшү мүмкүн

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына билим берүүдө жеңилдик берүү боюнча токтом долбоору каралып, жактырылды.

Долбоорду депутат Медер Чотонов тааныштырып, анын негизги максаты — Баатыр эне наамын алган энелердин эмгегин баалоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана жаштарга билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү экенин белгиледи. 

Талкуу учурунда депутаттар жеңилдиктерди берүү механизмдерин такташты. Атап айтканда, Токтобүбү Ашымбаева жогорку окуу жайларындагы буга чейин каралган 10 миң гранттан тышкары кошумча 500 гранттык орун бөлүү тартиби боюнча маселени көтөрдү.

Ал эми Болот Сагынаев “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелер үчүн пенсия курагына чейин социалдык кепилдиктерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 


Тектеш материалды окуу