Akchabarsearch
Президент 2 миңден ашык көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

Жарыяланган

2026-15-05, 17:27

Президент 2 миңден ашык көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

Президент Садыр Жапаров 2 миң 68 көп балалуу энени мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Документтер кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Анын ичинен жети жана андан көп баланы төрөп, татыктуу тарбиялаган 1 миң 45 энеге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды.

Ал эми алты баланы төрөп, татыктуу тарбиялаган 1 миң 23 энеге «Эне даңкы» медалы берилди.

Аймактар боюнча алганда, "Баатыр эне" орденин алгандардын көбү Ош облусунда катталды — 253 эне.

Калган аймактар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө:

•  Жалал-Абад облусу — 236 эне; 
•  Баткен облусу — 97 эне; 
•  Чүй облусу — 94 эне; 
•  Бишкек — 92 эне; 
•  Ысык-Көл облусу — 88 эне; 
•  Нарын облусу — 76 эне; 
•  Ош — 59 эне; 
•  Талас облусу — 50 эне.

Сыйлыкка татыган энелердин толук тизмеси президенттин жарлыктарына тиркелген.


Тектеш материалды окуу