Жарыяланган
2025-19-05, 12:50Кыргызстанда пенсия алууга укугу жок 90 "баатыр энеге" ай сайын социалдык жөлөкпул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамына ылайык министрлик пенсия албаган баатыр энелерге 55 жашка толгондо, ай сайын жөлөкпул бере баштайт. Учурда анын суммасы 3 миң сомду түзөт.
Ал эми пенсия алууга укугу бар баатыр энелер пенсияны Социалдык фонду аркылуу алышат. 1-апрелге карата пенсия алып жаткан “баатыр энелердин” саны 31 миң 764тү түзөт.
Эскерте кетсек, "Баатыр эне" ордени 7 же андан көп бала төрөп, багып, тарбиялаган энелерге берилет.
Пенсияны Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төккөн жарандар алууга укуктуу. Соцфондго акча төлөбөгөндөр кийин пенсия ала албайт.