Akchabarsearch
Бай-кедей дебей берилет. Тоолуу аймактарда жашагандарга жаңы жөлөкпул бериле баштайт

Жарыяланган

2025-05-09, 11:20

Бай-кедей дебей берилет. Тоолуу аймактарда жашагандарга жаңы жөлөкпул бериле баштайт

Кыргызстанда 2026-жылдан тарта бийик тоолуу аймактарда, алыскы жетүүгө кыйын конуштарда жана өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөр үчүн жаңы жөлөкпул киргизилгени жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Жаңы жөлөкпул "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" деп аталат. Ал аталган аймактарда жашаган жарандарга үчүнчү жана кийинки төрөлгөн балдарына алар үч жашка чыкканга чейин берилет. Жөлөкпул 3 миң сомду түзөт. 

Бул жөлөкпул жарандар бай-кедей экенине карабай берилет. Бирок жөлөкпулду алыш үчүн үй-бүлө бийик тоолуу аймактарда же алыскы жетүүгө кыйын конуштарда, же болбосо өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактарында жашап жаткан болуш керек. 


Тектеш материалды окуу