Akchabarsearch
Байсалов санариптик трансформация мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулата турганын айтты

Жарыяланган

2026-25-02, 17:45

Байсалов санариптик трансформация мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулата турганын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда ведомствонун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер аныкталды.

Жыйында санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук боюнча отчеттор угулду. Ошондой эле министрликке караштуу түзүмдөрдүн – Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Архив кызматынын, «Түндүк» ААКсынын, «Кыргыз почтасы» ААКсынын жана «Кыргызтелеком» ААКсынын ишмердүүлүгү талкууланды.

Эдил Байсалов санариптик трансформация мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында санариптик реформаларды ыкчамдатуу, мамлекеттик сервистерди жакшыртуу жана заманбап санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мындан аркы багыттар аныкталды.


Тектеш материалды окуу