Жарыяланган
2025-26-03, 18:25Эми балдарды мектепке каттоо “Tunduk” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоо эки этаптан турат. Биринчиси ушул жылдын 2-июнунда башталат. Анда мектепке жаздыруу ата-эненин каттоодо турган дареги менен жүрөт.
Арыз берүү үчүн “Tunduk” тиркемесин ачып, тизмедеги баланы тандоо керек. Андан кийин система сунуштаган мектепти, окуу тилин жана өзү тууралуу маалыматтарды (телефон номерин, электрондук почтаны) киргизип, "Мектепке жаздыруу" деген кнопканы басуу зарыл.
Сунуш кылынган мектептер туура келбесе, баш тартып жана себебин көргөзүү керек. Мындай учурда арыз экинчи этапка өтөт. Аны кабыл алуу 15-августка чейин жүрөт.