Akchabarsearch
1-апрелде балдарды 1-класска онлайн каттоо башталат

Жарыяланган

2026-26-03, 12:08

1-апрелде балдарды 1-класска онлайн каттоо башталат

1-апрелде балдарды 1-класска онлайн каттоо башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги бекиткен жободо жазылган.

Маалыматка ылайык, жашаган жери боюнча тиешелүү жалпы билим берүү уюмунун микроучастогунда каттоосу бар балдарды кабыл алуу 1-апрелде саат 10:00дөн тартып жүргүзүлөт.

Ал эми жашаган жери боюнча микроучастокто каттоосу жок балдарды кабыл алуу 1-июнда саат 10:00дө башталат.

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде "Электрондук жазуу" кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында аткарылат.


Тектеш материалды окуу