Akchabarsearch
Өлкөдө быйылкы жылы айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматта өтөт

Жарыяланган

2026-24-02, 10:33

Өлкөдө быйылкы жылы айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматта өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоосун өткөрүүгө арналган республикалык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов 2026-жылдагы каттоо толугу менен электрондук форматта өтөрүн билдирди. 

Анын айтымында, маалыматтар мобилдик тиркеме аркылуу чогултулуп, борбордук серверге корголгон каналдар менен жөнөтүлөт. Бул ыкма маалыматтарды иштеп чыгуунун ыкчамдуулугун жана купуялуулугун камсыздайт.

Каттоо формалары тиешелүү ведомстволор жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен макулдашылган. 2024-жылы пилоттук каттоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен программалык камсыздоо жана методология жакшыртылган. 2025–2026-жылдары персоналды даярдоонун көп баскычтуу системасы уюштурулуп, 200дөн ашык адис окутулду.

Республика боюнча каттоого 6 791 убактылуу кызматкер тартылат. Анын ичинде 1 179 регистратор, 4 494 каттоочу, 898 инструктор-контролер жана 220 координатор бар. Каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтөт.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, айыл чарба каттоосу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана фермерлерди колдоо программаларын натыйжалуу пландаштыруу үчүн маанилүү.


Тектеш материалды окуу