Akchabarsearch
Эт өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоор ишке ашууда

Жарыяланган

2026-09-03, 10:47

Эт өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоор ишке ашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эт кластерин өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Маалыматка ылайык, долбоор малды семиртүүдөн баштап, этти кайра иштетүү жана сатууга чейинки толук өндүрүш чынжырын камтыйт. Анын алкагында фермерлерге жылдык 3% үстөк менен 60 айга чейин жеңилдетилген насыя берүү каралган. Ошондой эле 12 айлык жеңилдик мөөнөтү каралган.

Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 1,5 млрд сомду түзөт. Каржылоо “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” аркылуу ишке ашырылат.


Тектеш материалды окуу