
Жарыяланган
2026-05-03, 11:472025-жылы өлкөдөн бир нече айыл чарба продукциялары экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Орусияга – 40 тонна беде үрөнү, Японияга – 1500 тонна «Лагенария» ашкабак үрөнү, Кытайга – 23 тонна кургатылган өрүк экспорттолду.
Өзбекстанга – «Октябрьская 70» жүгөрү гибриди сыноо үчүн жөнөтүлдү.
Министрликтин маалыматы боюнча, бул аракеттер Кыргызстандын айыл чарбасын эл аралык рыноктордо таанытуу, сапаттуу продукцияларды экспорттоо жана жергиликтүү фермерлерге кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
«Буга чейин өлкөдө айыл чарба продукцияларын экспорттоо көйгөйлөрү болуп келген, бирок учурда министрлик экспортту кеңейтүү жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда», - деп белгиленет министрликтин билдирүүсүндө.



