Akchabarsearch
Бак кыйгандар ар бир кыйылган дарак үчүн бештен көчөт тигүүгө милдеттендирилет

Жарыяланган

2026-10-11, 10:49

Бак кыйгандар ар бир кыйылган дарак үчүн бештен көчөт тигүүгө милдеттендирилет

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында бак кыйгандарды анын ордуна жаңы көчөттөрдү тигүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна ылайык, бак кыйган адам же компания ар бир кыйылган дарактын ордуна бештен көчөт тигиши керек болот. Андан тышкары ал ошол тиккен көчөттөрүн үч жыл бою сугарып, караганга милдеттендирилет. 

Азыркы мыйзам боюнча соо турган даракты кыйгандар айыппулга гана жыгылат, бирок кыйылган бактын ордуна эч нерсе тикпейт.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев тарабынан демилгеленген.


Тектеш материалды окуу