Akchabarsearch
Сүт азыктарынын экспорту азайып, балдын экспорту көбөйдү

Жарыяланган

2026-10-11, 12:19

Сүт азыктарынын экспорту азайып, балдын экспорту көбөйдү

Сүт азыктарынын экспорту азайып, балдын экспорту көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан чет жакка 33 миң 466.6 тонна сүт азык экспорттолгон. 2025-жылдын 10 айына караганда быйылкысында сүт азыктарынын экспорту 1 миң 115.5 тоннага азайган.

Ал эми балдын экспорту 572.4 тоннаны түзгөн. Былтыркы жылдын 10 айына караганда быйылкысында балдын экспорту 247.7 тоннага көбөйгөн. 

2025-жылы 10 айда чет жакка 324.7 тонна бал сатылган. 


Тектеш материалды окуу