
Жарыяланган
2026-10-11, 11:37Энергетикалык суусундуктарды Кыргызстанга ташып келүүгө 6 айга тыюу салуу пландалууда. Экономика министрлиги даярдаган токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2023-жылы - өлкөгө 177.7 млн литр, 2024-жылы - 166.3 млн литр, 2025-жылы - 274.4 млн литр жана быйыл сегиз айда - 211 млн литр энергетикалык суусундук ташып келинген. Бул статистикадан импорт барган сайын көбөйүп жатканын көрүүгө болот.
Азыр энергетикалык суусундук жаштарга гана эмес, мектеп оочуларына да ээн-экрин сатылууда. Бирок бул суусундукту көп ичүү ден соолукка зыян. Ошондуктан министрлик жаштардын жана балдардын ден соолугун коргоо үчүн энергетикалык суусундуктарды Кыргызстанга ташып келүүгө 6 айга тыюу салууну сунуштап жатат.
Эскерте кетсек, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров эл арасында энергетикалык суусундуктардын ден соолукка зыяндуулугу боюнча маселе көтөрүлүп жатканын айтып, ал суусундуктарды Кыргызстанда өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга мыйзам түрүндө тыюу салууну тапшырган. Ал үчүн 6 ай убакыт берилген.



