Akchabarsearch
    Bakai Bank чакан жана орто бизнес үчүн онлайн насыялардын пайыздык ченин төмөндөттү

    Жарыяланган

    2025-20-08, 18:29

    Bakai Bank чакан жана орто бизнес үчүн онлайн насыялардын пайыздык ченин төмөндөттү

    2025-жылдын 28-июлунан тартып Bakai Bank ишкерлерге багытталган чакан жана орто бизнес үчүн онлайн насыя” жаңы продуктту сунуштады. Эми 250 000 сомго чейин насыя алуу мурдагыдан да жеңил болмокчу, насыяны толугу менен онлайн жана банк бөлүмдөрүнө барбастан, каалаган убакта алууга мүмкүн.

    Сервис Bakai Business мобилдик тиркемесинде күнү-түнү 24/7 режиминде жеткиликтүү, бул ишкерлерге аларга ыңгайлуу маалда каржылоо алууга мүмкүнчүлүк берет. Өтүнмө болгону 3 мүнөттө каралып, насыянын коюмдары улуттук валютада жылына 18%ды гана түзөт.

    Жаңы формат насыя тариздөөнү эң ыңгайлуу кылды:

                • банкка баруу жана ашыкча документтерди топтоонун кереги жок;

                • өтүнмөнү онлайн түрүндө ачык-айкын кароо;

                •насыянын мөөнөтү - 3 жылга чейин, суммасы - 250 000 сомго чейин.

    Биз ишкерлердин убактысын кагаз иштерине эмес, бизнесин өнүктүрүүгө жумшоосуна шарт түзөбүз. Эми адилет пайыздык коюм менен жана эң ыңгайлуу формада насыя алуу үчүн смартфон гана жетиштүү.

    Бул продукт өлкө боюнча жеткиликтүү, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоонун маанилүү куралы болуп, тез жана жөнөкөй каржылоого жол ачат.

    Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.


    Тектеш материалды окуу